Кабарлар 6 лет назад

Ошто акыркы коңгуроо аземинде коопсуздук сактоо үчүн 1500ден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатат (сүрөт)

Ош облусу боюнча 38 мектеп Ош шаары боюнча 13 мектеп жол боюнда жайгашкандыктан коопсуздук чараларын көрүү боюнча кошумча жол кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери тартылды. Жалпысынан Ош шаары жана Ош облусу боюнча 1500ден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат.Ош шаарынын жана райондордун борборлорунан чыга бериш автоунаа жолдорунда атайын постор коюлган. Жол коопсуздук эрежелерин камсыздоо боюнча иш алып барууда.Кошумчалай кетсек, Ош шаары жана Ош облусунун аймагында жайгашкан 600гө жакын мектептин баарында акыркы конгуроо салтанаты болуп жатат.

Нету похожих статьей