Кабарлар 6 лет назад

Ошто акыркы коңгуроо кагылды, бул жылы мектепти 2661 окуучу аяктап жатат (СҮРӨТ)

Бул жылы Ош шаары боюнча 11-классты 2661, 9-классты 4559 окуучу аяктап жатат. Бүгүн, 29-май күнү калаанын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына арналган “Акыркы коңгуроо” аземи өткөрүлдү. Мэр Айтмамат Кадырбаев №31 Курманжан Датка орто мектебинде иш чарага катышып, бүтүрүүчүлөрдү “Акыркы коңгуроо” майрамы менен куттуктады. “Бул күн баарыбыз үчүн маанилүү, улуу күндөрдүн бири. Билим уясынан учуп жаткан бүгүнкү бүтүрүүчүлөргө ак жол, кең келечек каалайм. Келечекте билим алууңарды улантып, Ата Мекендин жүгүн көтөрүшкөн, патриот мыкты инсандардан болушуңарга тилектешмин”, - дейт А.Кадырбаев.Салтанаттуу иш-чаранын негизинде мектеп окуучулары тарабынан концерттик программа тартууланып, акыркы коңгуроо кагылды.Ошондой эле, калаа башчысы А.Кадырбаев мектептин алдыңкы окуучуларына жана мугалимдерине ардак грамота, ыраазычылык кат тапшырды.Кошумчалай кетсек, Ош шаарында 50дөн ашуун орто мектеп бар.

Нету похожих статьей