Кабарлар 6 лет назад

Бүгүн Алайда жер титирөө катталды

Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу, биздин сайтка ӨКМнин пресс-кызматы Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирет. Маалыматка ылайык,28-майда саат 13:30 чамасында республикабыздын аймагында эпицентрде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу КРнын аймагында жайгашкан. Нура айылынан 15 чакырым түштүк-батышты, Сары-Таш айылынан 45 чакырым түндүк- чыгышты карай жайгашкан.Жер титирөө, Нура айылында жер титирөөнүн күчү 2 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Нету похожих статьей