Кабарлар 6 лет назад

Жер көчкүдөн жабыр тарткандар менен депутаттар жолугуп келишти

Бүгүн, 28-майда “Ар түрдүү маселелер” саатында Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Касымбеков Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова баштаган депутаттар тобу (депутаттар У.Нуркулов, Азамат Арапбаев, Абдулатип Режевалиев) жер көчкүдөн жапа чеккен Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кыр-Жол айылынын тургундарына барып, ал-абалдарынан кабар алып, жардам көрсөтүп келишкенин маалымдады. Н.Касымбеков КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “мындай кооптуу жайлардагы эл көчпөй жатат” деген себеп менен эле чектелбей, кырсыкты алдын алуунун башка жолдорун таап, сунуштоосу керектигин баса белгиледи.

Нету похожих статьей