Кабарлар 6 лет назад

Депутат Б.Темирова: \"Оштогу айрым кафе ресторандарда иштеген жаштар кулчулуктун бир түрүнө айланып калды\"

Ош шаарында жайгашкан кафе ресторандарда жарандарды тейлеп иштеген официант жаштар кулчулуктун бир түрүнө айланып калды. Анткени кафе ресторандардын ээлери айрыкча кыздарды өздөрү каалагандай падаланган учурлар катталууда. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Бактыгүл Темирова Мыйзамдуулук комитетинин жыйынында билдирди. Б.Темированын айтымында, кафелерде иштеген бир катар кыз кафе ээлеринин аларды каалагандай пайдаланып келгендиги боюнча арыз менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарына кайрылган. \"Кыздар бул болочок энелер. Улуттун генефондун түзгөн жарандар. Аларды айрым кафе ресторан ээлери кысымга алып, өз кызыкчылыгына пайдаланып келген учурлар да болууда. мунун негизинде бизге арыздар келип түшкөн. Дагы канча кыз намыстанып, мындай фактыларды ачыкка чыгарбай жашырып коюшат\" дейт эл өкүлүАл кошумчаагандай, айрым ишкерлердин жаштардын укугун тебелеп жаткандыгы бул ушул жаштардын өздөрүнүн сабатсыздыгынан да болуп жатат. \"Анткени шаарга көпчүлүк жаштар айылдардан келип, иштешет. Көпчүлүгү өз укуктарын билишпейт. Жакынкы күндөрдө атайы топ түзүлүп, массалык маалымат каражаттары менен кошо ошол кафе ресторандарда иштеп, укугу тебеленген, айлык маянасын алалбай, же ресторандардын ээлеринин жеке кызыкчылыгына пайдаланылган кыздардын укуктары боюнча иликтөө жүргүзөбүз\" дейт Б.Темирова.

Нету похожих статьей