Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абадда 5 күнгө созулган «Допинг» иш чарасы жүргүзүлдү

Жалал-Абад ОИИБнын баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан областын аймагында 5 күнгө созулган «ДОПИНГ» аталышындагы иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МАЖалал-Абад ОИИБнын басма-сөз кызматынан билдиришти. Алардын берген маалыматы боюнча, булиш-чаранын өткөрүүнүн максаты - облустун аймагындагы банги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө жана сактоого бөгөт коюу, ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, о.э. түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп эсептелет. ОИИБнын БЗМЖККБнүн ыкчам кызматкерлеринин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана алдын алуу алуу иш-чараларынын жыйынтыгында банги затка тиешеси бар - 5 факты аныкталып, - 4 шектүү кармалган. Ал эми ар кандай түрдөгү жалпы салмагы 320кг. наркотикалык заттар (прекурсор 319кг., марихуана 1кг.20гр.) алынып, кылмыш иликтөө багытында 5 кылмыштын бети ачылган.

Нету похожих статьей