Кабарлар 6 лет назад

Нарындык 5 жаран башка өлкөлөр аркылуу Сирияга согушка баргандыгы аныкталды

25-май күнү Нарын шаарында «Ислам жана диний экстремизм» аталышта тегерек үстөл өткөрүлдү. Нарын шаардык жана райондук бийлик жетекчилери, айыл өкмөт башчылары чакырылган атайын олтурумда шаар мериясынын башкы адиси Мурат Бабаев менен райондук акимчиликтин сектор башчысы Азат Ыдырысов «2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын «Концепциясы» боюнча маалымат беришти. Маселен шаарда жалпысы 7 мечит, 3 намазкана, 1 медресе жана 1 «Адеп Башаты» диний кору, «Жахаба» күбөлөрү, «Ивангель-Христиан Баптисттер» уюму катталса, райондо 29 мечит, 3 намазкана бар. Баяндамачылар башкы көйгөй катары мечиттердин каттоодон өтпөй иштеп жаткандыктарын белгилешти. -Бул жыйында кеп мечиттердин катталганында же катталбаганында эмес, кеп диний экстремизм жөнүндө айтылса, сунуштар берилсе, жакшы болмок. Мисалы нарындык 5 жаран башка өлкөлөр аркылуу Сирияга согушка баргандыгы аныкталды. Дагы үчөөнүн үстүнөн иликтөө жүрүүдө. Жалпысы өлкө боюнча 360 адам Сирияга кетти деп айтып жатабыз. Башка мамлекеттерге кетишип, кайра кайткандар арасынан салафизм, вахабизм менен байланышып, аларды келип жайылтып жаткандар жокпу. Мына ушулар боюнча биргелешип иштесек дегенбиз. 3 жылдан бери айтылганы менен баарысы кагаз жүзүндө калууда,-дешти улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын кызматкерлери. -Биз деле иштеп жатабыз. Кимдин балдары кайсы жакка кеткенин тактап тизмелерин деле берүүдөбүз. Мына биометрикалык тактоо жасалды эле, жашабагандар белгилүү болууда,-деген жообун келтирди Нарын районунун Орток айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Миртемир Турдалиев. -Сынды чынында туура кабыл алалы. Жалпылап биргелешип иштейли. Ар бир райондо жана шаарда диний иштер боюнча атайын жоопкерчиликтүү адамдарды дайындайлы-деди жыйынга катышкан өкмөттүн облустагы өкүлүнүн 1-орун басары Касен Асизов.

Нету похожих статьей