Кабарлар 6 лет назад

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келди

Бүгүн, 2015-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен келди. Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы кечээ күнү жер көчкү жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылына барып, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен жерде калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышат. Президент Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад шаарларынын активдери менен жолугушуп, билим берүү мекемелерине барып, инфратүзүмдүк объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышат. Өлкө башчысы ошондой эле Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы жаңы аскердик бөлүктүн ачылыш аземине катышат.

Нету похожих статьей