Кабарлар 6 лет назад

Сузактагы жер көчкүнүн кесепеттери (сүрөтбаян)

2015-жылдын 24-майы күнү саат 01:49 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыржол айлында Жер көчкү түшүп, 5 турак жайды басып калган. Турак жай ээлери:1. Аттокур Алимбеков;2. Эргеш Алимбеков;3. Кенжебай Алимбеков;4. Каныбек Топчубаев;5. Мойдун Абдрахманов. Жер көчкүнүн астында калган 6 адамдын жансыз денеси табылган:1. Кенжебай кызы Элнура, 1995-жылы туулган;2. Каныбек уулу Мирлан, 2010-жылы туулган;3. Каныбек кызы Зарина, 2009-жылы туулган;4. Аттокур Алимбеков, 1956-жылы туулган; 5. Жамиля Сейдаева, 1958-жылы туулган;6. Калыс уулу Нуржигит, 2012-жылы туулган.Андан сырткары 12 адам тез жардам кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага медициналык жардам көрсөтүүгө жеткирилишип анын ичинен 5 адам ооруканага жаткырылган:1. Кенжебай Алимбеков, 1965-жылы туулган; 2. Аттокур уулу Азамат, 1992-жылы туулган; 3. Айжамал Кыязова, 1970-жылы туулган; 4. Зияда Исмаилова, 1978-жылы туулган; 5. Замира Алимбекова, 1972-жылы туулган. Алар учурда Сузак райондук ооруканасында дарыланышууда. Калган жеңил жаракат алган 7 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов жана министрдин орун басары Равшан Рысбаев кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иш-чараларына жеринде түздөн-түз жетекчилик кылышты.

Нету похожих статьей