Кабарлар 6 лет назад

Бүгүн президент А.Атамбаев жер көчкү жүргөн Сузак районунун жашоочулары менен жолугушат

Президент Алмазбек Атамбаев жер көчкү жүргөн Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыржол айлына барат. Бул тууралуу, Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкө башчы болжол менен кечки саат 18:00 чамасында аталган айылдаболот. Эске сала кетсек,2015-жылдын 24-майы түнү саат 01:49 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыржол айлында Жер көчкү түшүп, 5 үйдү басып, 6 адам каза болгон. Каза болгондор: Кенжебай кызы Элнура, 1995-жылы туулган; Калыбек уулу Мирлан, 2005-жылы туулган; Калыбек кызы Зарина, 2009-жылы туулган; Алымбеков Аттокур, 1958-жылы туулган; Сейдалиева Жамиля, 1958- жылы туулган; Аттокур уулу Нуржигит, 2012-жылы. 12 жабыркагандар тез жардам кызматкерлери райондук ооруканага жеткирилди: Кенжебай Алимбеков, 1965-жылы туулган; Аттокур уулу Азам, 1992-жылы туулган; Айжамал Кыязова, 1992-жылы туулган; Зияда Исмаилова, 1978-жылы туулган; Сүйүмкан Маткалыкова, 1999-жылы туулган, Сузак райондук ооруканада дарыланууда. 7 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов жана министрдин орун басары Равшан Рысбаев кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иш-чараларына жеринде түздөн-түз жетекчилик кылышты.

Нету похожих статьей