Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абаддагы аскер бөлүгүндө киши колдуу болуп каза болгон жоокер Ш.Сеитмуратовдун өлүмү боюнча соттук иш 2-июнга калтырылды

Бүгүн, 25-майда Ош гарнизондук аскер соту тарабынан Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскердик бөлүктө кызмат өтөө учурунда каза болгон жоокер Шамбет Сеитмуратовдун өлүмү боюнча соттук иш 2-июнга калтырылды. Бул тууралуу \"Кабарлар\" МА кабарчысына жоокердин атасы Кайратбек Сеитмуратов билдирди.Анын айтымында, сот ишин жылдырууга аскердин өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан аскердин жактоочусунун жана күбөлөрдүн соттук отурумга келбей калганы себеп болууда. Эске сала кетсек, бул жылдын 15-мартында №30295 аскердик бөлүктө каза болгон жоокер Шамбет Сеитмуратовдун сөөгү Баткен облусунун Кадамжай районунун Бүргөндү айылында жерге берилген.

Нету похожих статьей