Кабарлар 6 лет назад

Сузакта жер көчүп, 6 адам каза болуп, 12 адам жабыркады (СҮРӨТ)

2015-жылдын 24-майы түнү саат 01:49 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыржол айлында Жер көчкү түшүп, 5 үйдү басып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматынан кабарлашты. Каза болгондор: Кенжебай кызы Элнура, 1995-жылы туулган; Калыбек уулу Мирлан, 2005-жылы туулган; Калыбек кызы Зарина, 2009-жылы туулган; Алымбеков Аттокур, 1958-жылы туулган; Сейдалиева Жамиля, 1958- жылы туулган; Аттокур уулу Нуржигит, 2012-жылы. 12 жабыркагандар тез жардам кызматкерлери райондук ооруканага жеткирилди: Кенжебай Алимбеков, 1965-жылы туулган; Аттокур уулу Азам, 1992-жылы туулган; Айжамал Кыязова, 1992-жылы туулган; Зияда Исмаилова, 1978-жылы туулган; Сүйүмкан Маткалыкова, 1999-жылы туулган, Сузак райондук ооруканада дарыланууда. 7 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов жана министрдин орун басары Равшан Рысбаев кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иш-чараларына жеринде түздөн-түз жетекчилик кылышты.

Нету похожих статьей