Кабарлар 6 лет назад

Ош ШИИБ башчысы С.Өмүрзаков: \"Ош шаары- тополон чыгарып машыгуучу аянт эмес, биз андайга жол бербейбиз!\"

2015-жылдын 22-май күнү КРнын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков Ош шаарынын Черемушка кичи районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА ИИМнин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда милиция кызматкерлеринин 4 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнө токтолуп, Андагы жашоочулардын суроолоруна жооп берди. Жашоочулар акыркы кезде ушак-айындарды таркаткандарга карата кандай чара көрүлгөнүн, шаардын аялдамаларында мектеп окуучуларын маршруттук микроавтобустар албай жаткандыгын жана токтоого мүмкүн болбогон жерлерге токтоп жол кыйымылына тоскоолдуктарды жаратып жаткан айдоочуларды тартипке чакырып коюну суранды. Өз кезегинде Сүйүнбек Өмүрзаков суроолорго жооп берип төмөндөгүлөргө токтолду: «Ош шаары- тополон чыгарып машыгуучу аянт эмес, биз андайга жол бербейбиз! Акыркы кезде Ошто уруш болот экен деген ушактарды таркатышкан жарандар кармалып учурда тергөө жүрүп жаткандыгын билдирди жана коопсуздукту камсыз кылууда милиция кызматкерлери күнү түнү тынымсыз иш алып барып жаткандыгын ошондуктан эч кандай тынсызданууга негиз жок экендигин маалымдады жана укук коргоо органдары ар кандай кырдаалга даяр экендигин жана чагымчыл күчтөрдүн аракеттерине бөгөт коюга мүмкүнчүлүгү да күчү да жете тургандыгын ишендирди. Жергебизде тынчтыктын жана туруктуулуктун тиреги болуп эл саналгандыктан укук коргоо органдары ар дайым элдин колдоосуна муктаж. Ошондуктан коомдук коопсузукту сактоодо элди кызматташууга чакырды.

Нету похожих статьей