Кабарлар 6 лет назад

Катуу шамалдан Өзгөндүн жашоочулары чатырсыз калды (СҮРӨТ)

КР ӨКМнин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Кулмаматовдун алдын ала берген маалыматы боюнча 2015-жылдын 21-майы күнү болгон катуу шамалдын кесепетинен:1. Өзгөн шаарынын №32 көп кабаттуу үйдүн чатырынын 15 метр аралыктагы тиникесин рейкалары менен кошо учуруп кеткен. 2. Өзгөн шаарында жайгашкан улуттук гвардиянын 703 аскердик бөлүкчөнүн казармасынын чатырынын 45-50 даана шифери, 150 метр жыгач рейкалары талкаланган. 3. Жаңы-Өзгөн шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн чатырынын 30-40 даана тиникесин рейкалары менен кошо учурган. 4. Мырза-Аке айыл аймагындагы 10го жакын турак үйдүн чатырларын учурган. 5. КР ӨКМнин Өзгөн райондук гидрометеология кызматынын берген маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-28 метрге чейин жеткен. Жергиликтүү жарандык коргонуу коммиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Нету похожих статьей