Кабарлар 6 лет назад

Баткенде катталган шамалдан келтирилген чыгымдар такталууда

Баткен облусундагы катуу шамалдын чыгымдары эсептеле баштады. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА ӨКМнин пресс-кызматынан кабарлашты.КР ӨКМнин Баткен райондук бөлүмүнөн алынган алдын ала маалымат боюнча, Самаркандек айыл аймагындагы Самаркандек айылында 2015-жылдын 21-майы күнү саат 18-00дөр чамасында каттуу шамал болуп, 38 турак үйдүн чатырынан 390 даана шиферин учурган жана бак-дарактар сынып, электр зымдары үзүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Алдын ала алынган маалымат боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-28 метрге чейин жеткен. Учурда кырсык болгон жерде жарандык коргонуу комиссиялары, КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы полковник Ороз Пазылов жетектеген ыкчам топ, райондук жана айыл аймактык жарандык коргонуу комиссиялары иликтеп, текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Саат 10:00гө текшерилип көрүлгөн 10 турак үйдөн 273 шифер жана 60 темир листтин, 4 чарбалык курулуштардан 119 шифер учурганы белгилүү болду. КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынан түзүлгөн ыкчам тобу жана райондук, айыл аймактык жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан текшерилип, такталгандан кийин кошумча маалыматтар берилет.

Нету похожих статьей