Кабарлар 6 лет назад

Кечээ Ошто жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, бирөө жаракат алды

Ош-Ноокат унаа жолунда, 20-майда жол кырсыгы катталып, 2 адам каа болуп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА ӨКМнин пресс-кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ20-майдасаат 12:15 чамасында Ош-Ноокат унаа жолунун 9-чакырымындагы ДЭУ чегинде “Мерседес-Спринтер-Бус” үлгүсүндөгү мамлекеттик № B 4532 AP унаасы менен “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү мамлекеттик № Z 94 03 Z сүзүшкөн. Натыйжада2 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, “Хундай-Портер” унаасында жана “Мерседес-Спринтер-Бус” унаасында кыпчылып калган адамдардын сөөктөрүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Нету похожих статьей