Кабарлар 6 лет назад

Оштогу 182 мечиттин имамдары жакында аттестациялоодон өткөрүлөт

Ош облусуна караштуу райондордогу жалпы 182 мечиттин имамдары аттестациялоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу облус казысы Ниязалы ажы Арипов \"Кабарлар\" МАнин кабарчысына билдирди. Маалым болгондой, Ош облусундагы райондордо жалпы 822 мечит бар. \"Аттестациялоодон өткөрүү үчүн даярдыктар жүрүп, имамдардын өздүгүн тастыктоочу документтери, мүнөздөмө, өмүр баян, эмгек китептериндеги маалыматтар соттолбогондугу тууралуу тастыктамалары такталап жатат\", дейт Арипов. Ал кошумчалагандай, аттестациядан өткөн имамдар өз ордунда калып, иштерин уланта бермекчи. Жогоруда айтылган 182 мечиттин имамдарына маяна берүү маселеси каралып, чечилген.

Нету похожих статьей