Кабарлар 6 лет назад

Баткен дыйкандарынын өрүктөрүн Түштүк Кореялык ишкерлер сатып алышат

Өкмөттүн Баткен областындагы өкүлү Түштүк Кореянын ишкерлери менен келишимге кол койду. Ага ылайык өрүкзар аймагынын дыйкандары мөмө-жемиш, айрыкча өрүктү чет өлкөгө экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди. Баткен районунун аймагындагы дыйкандарга соода тармагында ыңгайлуу шарттар каралуу алдында турат. Келишимдин алкагында жергиликтүү дыйкандар эми алган түшүмүн ортомчусуз сатууга мүмкүнчүлүк алышат. Кореялык компания баткендик дыйкандарга сапаттуу жер семирткичтерди да бермекчи.

Нету похожих статьей