Кабарлар 6 лет назад

Кара-Суудагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо чыр менен коштолду

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо чыр чыкты. Бул тууралуу «Кабарлар» МА аймактык кабарчысына аталган айылдык кеңешке депутаттыкка талапкер Нурсултан Калматов билдирди.Маалыматка ылайык, шайлоо учурунда биометрикалык маалымат аркылуу добуштарды кабыл алуучу электрондук урнанын иши үзгүлтүккө учураган. Калматовдун айтымында, шайлоо бүткөндөн кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу эч бир талапкерге мааалымат берилген эмес.\"Ал гана эмес, протокол да толтурулган жок\" - дейт Калматов. Эске сала кетсек, биометрикалык урналарды колдонуу аркылуу добуш берүү өлкө аймагында биринчи ирет өткөрүлдү.

Нету похожих статьей