Кабарлар 6 лет назад

Ошто \"иш таштоого барабыз\" деген дарыгерлердин нааразычылыгынан 10-филиалдын башкы дарыгери А.Парханов кызматынан кетти (сүрөт)

Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун 10-филиалынын башкы дарыгери Абдумалик Парханов өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан кетти. Анын ордуна Нурия Шерматова аталган кызматка дайындалып, жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу \"Кабарлар\" МА филиалдын кызматкерлери билдирди. Буга чейин Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун 10-филиалынын дарыгерлери маалымат жыйын өткөрүп, башкы дарыгер А.Пархановдун коррупциялык мыйзамсыз иштери тууралуу, ооруканага медайымдарды, дарыгерлерди ишке алууда акча талап кылып келгендимаалымдашкан. Эгерде А.Парханов кызматынан бошотулбаса анда 50 дөй дарыгер иш таштоого бара тургандыгын билдиришкен.

Нету похожих статьей