Кабарлар 6 лет назад

Ошто баш кошкон эки жаш үйлөнүү үлпөт тоюна 10дон ашуун \"КаМАЗ\" унаасында чыгышты

Ош шаарында баш кошкон жаш үй-бүлө үйлөнүү үлпөт тоюн жүк ташуучу ондон ашуун \"КаМАЗ\" автоунаасы менен чыгып белгилешти. Бул тууралуу \"Кабарлар\" МАнинкабарчысына тойдун күбөлөрү маалымдады. Эки жаштын тоюна күбө болгон жаштар бул жөрөлгөнү колдоорун билдирди. Анткени жаштардын көңүл ачуусу үчүн киреге алынган кымбат баалуу унааларга караганда \"КаМАЗ\" автоунаасы менен чыгууда чыгым аз кетээрин жаштар баса белгиледи. Ал эми интернет баракчаларында бул жөрөлгөгө карата сын пикирлер да айтылууда.

Нету похожих статьей