Кабарлар 6 лет назад

Сүйүн Өмүрзаков: \"Ошто кооптонууга негиз жок\"

Бүгүн, 18-май күнү Ош шаарында ИИМнин Ош шаары, облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетечилиги тарабынан июнь окуясында каза болгон жарандарга куран окулду. Иш чарага башкы башкармалыктын башчысы генерал Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаардык ИИБынын жетекчиси Кылыч Жолдошев, июнь окуясында каза болгон жарандардын жакындары катышты. Алгач Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов жана Ош шаарынын казысы Убайдылла ажы Сарыбаев куран окуган соң жарандарды биримдик, ынтымакка чакырды. Сүйүн Өмүрзаков каза болгон жарандардын жакындарын \"Энелер күнү\" менен куттуктады. Башкы башкармалыктын атынан энелерге баалуу белектер тапшырылды. \"Эл арасында ар кандай ушак айыңдар айтылып жатат. Бирок, кооптонууга эч кандай негиз жок. Ош шаарынын жашоочуларынын тынч жашоосу үчүн болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Эл эч кандай чыр чатакты каалабайт\" деди Сүйүн Өмүрзаков. Ал бир катар улуттун өкүлдөрүн ынтымакта биримдикте болууга чакырды. Иш чарада каза болгон жарандардын жакындарына башкы башкармалык тарабынан сый тамак уюштурулду.Коогаланда каза болгондорго куран окутуу жыл сайын башкы башкармалык тарабынан өткөрүлүп келет.

Нету похожих статьей