Кабарлар 6 лет назад

Ошто кызамык жана кызылчага каршы пландалгандардын 15%дан ашыгы эмдөөдөн өттү

Ошто кызамык менен кызылчага каржы каржы пландалгандардын 15%дан ашыгы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиал жетекчиси Эркегүл Сманалиева билдирди. \"Кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө компаниясынын экинчи айлампасына ылайык, 12-майда Ош шаарында пландалгандардын 16%, Ош областында пландалгандардын 17,1% кызамыкка каршы эмдөөдөн өттү\",-деди Сманалиева. Негизи Ош областынан 489 817 жана Ош шаарынан 108 926 адам эмдөөдөдөн өтөт. Булар 1 жаштан 20 жашка чейинки балдар, өспүрүмдөр, окуучулар жана студенттер. Башка аймактар сыяктуу эле Ошто да 12-майдан 23-майга чейин кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө компаниясынын экинчи этабы жүрүп жатат.

Нету похожих статьей