Кабарлар 6 лет назад

Ошто унаа оңдоочу жайлар жергиликтүү бийлик тарабынан жабылууда (сүрөт)

Ош шаарында Сулайман-Тоонун түндүк тарабында жайгашкан Калинин көчөсүн бойлой орун алган унаа оңдоочу устаканалар күчкө салынып, жабылып жатат. Бул тууралуу «Кабарлар» МА унаа оңдоочу усталар билдирди. Аталган аймакта 200гө жакын унаа устаканалары бар.Усталардын айтымында, Калинин көчөсүндөгү унаа оңдоочу устаканалар жергиликтүү бийлик тарабынан себеби түшүндүрүлбөстөн жабылууда. Аталган жайда иштеп үй-бүлөсүн багышкан усталар устаканалар тиешелүү мекемелерден уруксат алынып, салыгын өз убагында төлөп жатканын кошумчалашты. Ал эми Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү Калинин көчөсүндөгү үйлөр турак жай катары гана пайдаланылышы керектигин, турак жайларды устаканага айландыруу мыйзамсыз экенин билдирди.

Нету похожих статьей