Кабарлар 6 лет назад

Токтогул районунда электр жарыгы 14 саат бою өчүп жаткандыгына жергиликтүү жашоочулар нааразы

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун аймагында электр жарыгы сутка ичинде 14 саат бою өчүрүлүп жаткандыгына жергиликтүү жашоочулар нааразы. Бул тууралуу алар \"Кабарлар\" МА билдиришти. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, мындай узак убакыт бою өчүрүү 12-майдан башталган. Ал эми жашоочуларга тиешелүү бийлик өкүлдөрү электр энергиясынын узак убакыт бою өчүрүлүп жаткандыгынын себеби тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Жашоочулар электр энергиясы жоктугунан улам жашоо шарт кыйындап бара жаткандыгын кошумчалашты.

Нету похожих статьей