Кабарлар 6 лет назад

Ош шаарындагы дарыгерлер: Башкы дарыгер А.Парханов куугунтуктоону токтотпосо дарыгерлер баарыбыз иш таштайбыз

Ош облусттук үй-бүлөлүк медицина борборунун 10-филиалынын дарыгерлери башкы дарыгер Абдималик Парханов айрым дарыгерлерге карата кысым көрсөтүп, куугунтуктап жаткандыгы тууралуу маалымат жыйында билдиришти. Дарыгер, гинеколог Кишимжан Мурзакулованын айтымында, А.Парханов аны мыйзамсыз иштен алууга аракет кылып жаткандыгын, А.Парханов бул кызматка келгенден баштап 50гө жакын дарыгер анын кысымынан улам ишин таштап кетүүгө мажбур болгондугун айтат.Аталган медициналык мекеменин дарыгерлеринин айтымында, А.Парханов ооруканага медайымдарды, дарыгерлерди кабыл алууда 8 мин сомдон баштап 500 $дан акча талап кылып келген.Аталган филиалда эмгектенген 43 кызматкер Саламаттыкты сактоо министрлигине, Ош шаардык мэриясына, Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКга башкы дарыгер А.Пархановдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жаткандыгы тууралуу кат жолдогон.Учурда эмгек жамааты экиге бөлүнүп калган. «Башкы дарыгерибиз мыйзамсыз иштерин токтотушу керек. Токтотпосо иш таштоого барабыз. 2 жыл ичинде 52 кызматкер жумуштан бошотулду», - дейт К.Мурзакулова.Дарыгерлер А.Парханов Жогорку Кеңештин депутаттарынын атын жамынып, мындай иш-аракеттерге барып жаткандыгын кошчумчалашты.Ош шаардык прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Абдурашит Кубатидинов, А.Пархановдун үстүнөн жазылган арыздын негизинде текшерүүнүн жыйынтыгында шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун 10-филиалында иштебеген адамдарга иштейт деп табель түзүлгөндүгү аныкталганын билдирди.«Бул үй-бүлөлүк медицина борборунун 10-филиалынын башкы дарыгери А.Парханов жана айрым кызматкерлер боюнча ушул жылы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» боюнча кылмыш иши козголгон.Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси боюнча соттук кароого жиберилип, мамлекетке 69 миң 387 сом зыян келтирилгени аныкталган жана келтирилген зыян тергөө мезгилинде өндүрүлгөн. Кылмыш иши А.Парханов менен тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартуу боюнча сотко жөнөтүлгөн.Ал эми экинчи беренедеги кылмыш иши боюнча 148 миң сомдук зыян келтирилген деп тергөө жүрүп жатат. Күнөөлүү адамдар бүгүнкү күндө аныктала элек, анткени иш факты боюнча козголгон. Бүгүнкү күндө тергөө жүрүүдө. 148 миң боюнча айтсак, студенттер рентгенден өтүп, мамлекетке 20 сомдон берет. Ал акчалар поликлиниканын эсебине түшүүсү керек болчу. Ал эсепке түшпөй калган», - деди Абдурашит Кубатидинов.Ал эми башкы дарыгер А.Парханов телефон аркылуу иш ордунда жоктугун айтып, журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Нету похожих статьей