Кабарлар 6 лет назад

Сузакта сел жүрүп, унаа жүрүүчү каттамдарды тосуп калды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-катчысы билдирет. Маалыматка ылайык,2015-жылдын 14-майында саат 03:30 чамасында нөшөөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон селдин калдыктары Сузак айыл аймагынын Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун 10-чакырымында жол каттамын убактылуу тосуп калган. Унаа жол транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагында (ЖЭМ-22). Унаа жолду тазалоо жумуштарына транспорт кызматынан (ЖЭМ №22) 1 автогрейдер тартылып, саат 08:30да жол каттамы толук ачылды.

Нету похожих статьей