Кабарлар 6 лет назад

Ош ШИИБ башчысы С.Өмүрзаков: «Уруш болот деп ушак тараткандар кармалды. Андайга жол бербейбиз!

2015-жылдын 11-май күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл округунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, ИИМнин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги максаты эл менен жеринде сүйлөшүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ушак айындарды жокко чыгаруу болуп саналат. Жолугушууга аталган айыл округунун бардык айылдарынан өкүлдөр келишти.Кара-Суу районунун акиминин орун басарлары айыл өкмөт башчылары менен биргеликте С.Өмүрзаков мындагы жашоочулардын суроолоруна жооп берди жана Ош облусунун аймагындагы саясий жана оперативдик кырдаал боюнча маалыматын жеткирди.. Улуу Жеништин 70-жылдык маарекесин майромдоого карата интернет мейкиндиги аркылуу ар түрдүү ушак айындарды таркатышкан 17 жаштагы жана 25 жаштагы жарандар КРдин ИИМнин 10 башкы башкармалыгы тарабынан кармалгандыгын жана Ош шаарында Фергана көчөсүндө каалпак кийип алышып түндөсү элдин тынчын алып жүрүшкөн 12 чет өлкөлүк жарандардын карамалгандыгын жана андан эки күндөн кийин допу кийишкен 6 чет өлкөлүк жаран кармалып улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилгендиги туурасында маалымат берди жана ушуш чет өлкөлүк жарандардын кармалышына жарандарыбыз жардамдашкандыгын айтып эгер баарыбыз жапа тырмак коопсуздук чараларын көрчүү болсок эч кандай чагымчы ынтымагыбызды жана бейпилдигибизди буза лабай тургандыгын айтып коопсуздукту камсыз кылууда укук коргоо органдары жана күч структураларынын мүмкүнчүлүгү да күчү да жетиштүү экендигин ишендирип кетти.Ошондой эле жарандарыбыз тынсыздана турган негиз жок экендигин коркпой эле турмуш тиричилигин уланта беришине чакырды. Ал эми ушак таркаткандар менен мыйзам чегинде иш алынып бара тургандыгын билдирди. Мындай жолугушуулар Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак айылдарында жана Кара-Суу шаарында улантылмакчы.

Нету похожих статьей