Кабарлар 6 лет назад

Непалда кайрадан күчтүү жер силкинүү катталды

Непалда дагы бир катуу жер титирөө катталды.РИА \"Новости\"АКШнын геологиялык кызматына шилтеме берүү менен Непалда күчү 7,1 баллга жеткен жаңы жер силкинүүболгондугун кабарлады. Алдын ала маалыматка караганда,жер титирөөнүн күчү 7,4 баллга жеткен. Сейсмологдордун мааылматында, жер титирөөнүн эпицентри Непалдын чыгышындагы Намче-Базар айылынан 68 км алыс жерде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жер титирөө Индия менен Афганистанда да сезилген. Эскерте кетсек, 25-апрелде Непалда күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Кызыл Чырымдын маалыматы боюнча, ал жер титирөөдө 8,4 миң адам каза таап, 17,5 миң адам жаракат алган.

Нету похожих статьей