Кабарлар 6 лет назад

Ошто жигит сүйлөшкөн кызын 4-кабаттан түртүп жиберген

Ош шаарында кызганычтан улам жигити сүйлөшкөн кызын 4-кабаттан түртүп жиберген. Бул тууралуу Ош ШИИБ кызматынан кабарлашты. Белгилүү болгондой, окуя 8-май күнү Анар кичи районундагы №1-үйдүн №57-батиринде болгон. Анда 1991-жылы туулган М.К. ошол батирде жашаган 1983-жылкы Мээрим Атабаеваны 4-кабаттан түртүп жиберген. Жыйынтыгында 32 жаштагы Атабаева алган жаратынан улам ооруканада каза тапкан. Кылмышка шектүү катары 24 жаштагы М.К. кармалган. Ал сурак учурунда Мээримди кызганычтан улам түртүп жибергенин айткан. Анткени ошол күнү экөө Ноокат районундагы тойго барышып, ал жакта чырдаша кетишкен. Анан маселени чечүү үчүн үйгө келишкен. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Нету похожих статьей