Кабарлар 6 лет назад

Ош шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына уюштурулган иш-чарадан сүрөт баян

Ош шаарында Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата майрамдык салтанат өткөрүлдү. Курман болгондорду эскерүү үчүн “Түбөлүк от” мемориалдык комплексине гул чамбарларды коюшту. Иш чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, ИИмнин Ош шаары, облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы генерал Сүйүн Өмүрзаков, Орусия федерациясынын жана Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы консулдары, Жогорку кеңештин депутаттары, согуштун жана оруктун ардагерлери, шаар тургундары катышты. Жергиликтүү жетекчилер шаар тургундарын Улуу жеңиштин 70 жылдыгы менен куттукташты. Майрамдык салтанаттын урматына жарандар, аскердик техникалар жөө жүрүш жасашты. Майрам театрлаштырылган оюн зоок программалары менен коштолду. Соңунда шаардын жана облустун жетекчилери ардагерлер менен бирге Токтогул сейил багында аскер болукторунун талаа ашканасы тарабынан даярдалган \"Аскер кашасы\" берилди Мындан сырткары Навои атындагы сейил бакта улуттук спорт оюндарынын түрлөрү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүүдө.

Нету похожих статьей