Кабарлар 6 лет назад

Баткенде нөшөрлөгөн жамгырдан улам катуу сел жүрдү (СҮРӨТ)

Баткен облусунда нөшөрлөгөн жамгырдан катуу сел жүрдү. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматынан кабарлашты. 2015-жылдын 8-майы күнү Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда катуу жааган жаандан улам жүргөн сел тууралуу маалыматтар. 2015-жылдын 8-майы күнү саат 14:45де Лейлек районунун Исфана шаарындагы Сумбула айыл аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан айыл аймагында катуу сел жүрдү. 2015-жылдын 8-майы күнү саат 14:45де нөшөрлөп жааган жамгырдан сел суулары пайда болуп, Андарак айылындагы Андараксай участкасынан 4-5 куб деңгээлинде агып, жарандардын турак жайларына коркунуч келтирди. 2014-жылы КРнын ӨКМнин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” (СПЛМ) планы боюнча Андараксай сайынын 700 метр жээгине 735 даана габион торчолору орнотулуп, тосулган жерден өтө алган жок. Натыйжада, 2014-жылы КР ӨКМи тарабынан коюлган гобион сеткалары 8-май күнү болгон селден 30-35 турак үйдү, 1 даана ички чарбалык көпүрөнү жана 412 метр ички чарбалык жолдорду сактап калды. Андан сырткары Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылындагы Сумбуласай жээктерин бекемдөө максатында 2009-жылы КР ӨКМнин капитал курулуш планы менен 600 метр сел тосмо курулган жерден да сел жүрүп, курулган тосмонун жардамында 27 турак үйлөр жана ички жолдор селден сакталып калды.

Нету похожих статьей