Кабарлар 6 лет назад

Ошто арык-каналдары чаап тазалоо иштери жүрүүдө (СҮРӨТ)

Ошто арык-каналдары чаап тазалоо иштери жүрүүдө. ӨКМ кызматы билдирендей, жаз мезгилинин апрель-май айларында Ош облусунун аймагында сел суулары өтүүчү каналдарды, арыктарды тазалоо жумуштары жер-жерлерде активдүү түрдө жүргүзүлүп, ишембиликтер уюштурулду. Аталган иш-чара, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2015-жылдын 13-мартындагы буйругунун негизинде ишке ашырылууда. Алай районунда 47,8 км канал тазаланып, дагы 1км аралыгын азыркы учурда кол менен тазалоо жумуштары жүрүүдө. Ошондой эле каналдын 273 км арыгы тазаланып, 6,6км арыгын азыркы убакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Араван районунда каналдардын жалпы 756,1 км аралыгын тазалоо керек болсо, анын ичинен жалпы 553,1км арык каналдар тазаланып, 203км арык, каналдарды тазалоо жумуштары жүрүүдө. Кара-Суу районунда 1790 км ички чарбалык арыктар чабылып, 85км арык чабылууда. Кара-Кулжа районунда жалпы 223,1км ички чарбалык канал жана арыктар, Ноокат районунда март-апрель айлары ичинде 53 км канал-арыктар, Өзгөн районунда жалпы 372,2км ички чарбалык арык, каналдар, Чоң-Алай районунда 63,5км канал, 43км арыктар чаап, тазаланды.

Нету похожих статьей