Кабарлар 6 лет назад

Ошто күйөөсүнүн айынан бир аял өз жанын кыйды

Ошто күйөөсүнүн айынан бир аял ири өлчөмдөгү дары ичип каза болду. Бул тууралуу,ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык,Ош шаарынын тургуну1983-жылы туулган Ботоева Гульнур 5-май күнү, ири өлчөмдөгү димедрол дарысын ичип, тез жардам кызматкерлери келгиче каза болгон. \"Анын мындай кадамга баруусуна күйөөсүнүн ар дайым мас абалында келип, аялып ургандыгы себеп болгон.5-май күнү да мас болуп келген күйөөсү аялын ур-токмокко алган\",-деп айтылат маалыматта. Учурда кылмышка шектүү деп кармалган аялдын күйөөсүОш шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан убактылуу кармалуучу жайга киргизилди. Анын үстүнөн\"өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү\" (105-берене) беренеси менен кылмыш иши козголду.

Нету похожих статьей