Кабарлар 6 лет назад

Ошто 9-класстын окуучусу \"Кара-Жорго\" аталыштагы велосипеддин жаңы түрүн ойлоп тапты

Ошто 9-класстын окуучусу велосипеддин жаңы түрүн ойлоп тапты Ош облусундагы Ноокат районунун Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинин окуучусу Тимурлан Мурзакаримов велосипеддин жаңы түрүн ойлоп тапты. Бул тууралуу ал \"Кабарлар\" МАга билдирди. Тимурлан жаңы велосипеддин атын атын \"Кара-Жорго\" деп атап мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкташтырып жасаган. Шайтан арабаны 20 күндөн ашуун убакта жасап бүткөргөн. Аны үйүндөгү ар кандай иштетилбей турган буюмдардан кураштырган. Тимурлан жасаган шайтан арабанын үч кызматы бар. Стартер, аккумулятор жана генератор. Ылдамдыгы саатына 70 чакырымга чейин жетет. Шайтан арабаны Тимурлан өзүнүн устаканасында жасаган. 12 миңден ашуун акча каражаты керектелип, учурда 50 миңге сатып алууга сунуштар түшүүдө. Шайтан араба Тимурландын алгачкы эмгеги. Бирок ага карабай быйылкы жылы Талас облусунда өткөн республикалык \"Биз 21 кылымдын интелектуалдарыбыз\" эл аралык сынагында биринчи орунга татыган. Тимурлан Мурзакаримов келечекте унаа чыгарууну максат кылат. Ал эми учурда айыл жериндеги талаа жумуштарына кичи трактор чыгаруунун үстүндө иштөөдө.

Нету похожих статьей