Кабарлар 6 лет назад

Ошто мал уурулук боюнча шектүүлөр тууралуу Өзбекcтан тараптан жооп жок

Ош облусундагы Араван районунда акыркы кездерде мал уурулук күчөп, ага Өзбекстандын жарандары шектелүүдө. Бул тууралуу «Кабарлар» МАга Ош облусттук ИИБынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, мал жандыктарды уурдагандар коңшулаш Өзбекстандын жарандары экендиги аныкталган. \"Бул боюнча Өзбекстандын укук коргоо органдарына кат жөнөтүлгөн, бирок азырынча жооп келе элек\" дейт Аширбаев.Араван районундагы Төө-Моюн айылынын тургундарынын маалыматы боюнча коңшулаш Өзбекстан менен чектешкен Төө-Моюн айылында акыркы бир ай аралыгында 25 бодо мал уурдалып, бирок, бири да табылган эмес. Учурда мал уурулук менен күрөшүү алдын алуу боюнча атайын даярдыктагы адистер Араван районунун чек аралаш айылдарына жайгаштырылган.

Нету похожих статьей