Кабарлар 6 лет назад

Курманбек айыл өкмөтү согуштун жалгыз ардагерине унаа алууга 100 миң сом бөлдү

Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүндө согуштун жалгыз ардагери калган. Ал ардагерге жеңиштин 70 жылдыгы үчүн унаа белек кылууга айыл өкмөттөн 100 миң сом акча каражаты бөлүндү.Сузак райондук администрациясы тарабынан автоунаа бериле турган райондогу 21 ардагердин бирөөсү Курманбек айыл өкмөтүнүн жалгыз ардагер тургуну. Ошондуктан ал демилгеге жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом акча каражатын бөлдүк деп билдирди Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Ярасулбек Молдобаев.“Айыл өкмөтүбүздөгү жалгыз ардагерибизге көзү тирүүсүндө колубуздан келишинче сый-урмат көрсөтүп алууну кааладык. Буйруса, 9-май күнү айыл өкмөт тарабынан дагы белектер тапшырылат”,-дейт Я.Молдобаев. Белгилей кетсек, жогоруда аталган айыл өкмөттө оруктун 14 ардагери бар. Алардын ар бирине айыл өкмөт тарабынан 1500 сомдон акча каражаты социалдык жардам катары каралган.

Нету похожих статьей