Кабарлар 6 лет назад

Ошто Жеңиш Эстафетасын тосуу аземи өткөрүлдү (СҮРӨТ)

Бүгүн, 6-май күнү Ош шаарында Жеңиш Эстафетасын тосуу аземи болуп өттү. Ага КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, күч түзөмдөрү, Орусиянын Ош шаарындагы консулу, ардагерлер, калаа тургундары жана студенттер катышышты.“Жеңиш Эстафетасынын негизги максаты - советтик элдин Жеңишинин улуулугун даңазалоо, Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарындагы чек арчылардын баатырдык эрдиктерин түбөлүккө калтыруу болуп саналат. Чек арачылардын жаш муунун мекенчил болуп, күжүрмөн салттардын нугунда тарбияланышына жардам берип, чек арада кызмат кылгандарына сыймыктануу сезимин калыптандырып жана улуу муунга сый мамиле жасоого үйрөтөт. Бул иш-чара чек арачылардын жана жалпы эле КМШ өлкөлөрүнүн элдери ортосунда биримдикти, ынтымакты бекемдейт. “Жеңиш Эстафетасы” бүгүн Ош шаарыбыз аркылуу өтүп жатканы биз үчүн чоң сыймык”, - деди биринчи вице-мэр З.Аскаров. Иш-чаранын жүрүшүндө гильзаларга топурак салынып, өчпөс отко гүл чамбарлар коюлду жана согушта курман болгондорду эскеришти. Эстафета Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы чек араларын бойлой өтүүдө жана анын жүрүшү Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган. Жеңиш Эстафетасын Кыргызстандын чек арачылары казак кесиптештеринен 2-майда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Актилек-автоунаа”көзөмөл өткөрүү жайында кабыл алышкан. Кыргызстандын аймагында Жеңиш Эстафетасы 2015-жылдын 2-5-май аралыгында Каракол, Нарын, Балыкчы, Бишкек шаарларын кыдырып өтүп, 6-май күнү Ош шаарына келген. Мындан ары Эстафетасы Ош облусунун Алай районун Гүлчө айылына барып, Тажикистан республикасынын чек арачыларына өткөрүлүп берилет. Эскерте кетсек, Жеңиш Эстафетасы КМШда алтынчы жолу өткөрүлүп жатат. 2015-жылдын 2-февралында эки багытта - Брест (Белорусь Республикасы) жана Мурманск (РФ) шаарларында сапар алган. Ал 2015-жылдын 28-майында Москва шаарындагы Поклонная гора жеринде соңуна чыгат.

Нету похожих статьей