Кабарлар 6 лет назад

Ошто Конституция күнүнө карата иш-чаралар башталды

Ош шаарында 5-май Конституция күнүнө карата билим берүү мекемелеринде түрдүү иш-чаралар башталды. Мектептерде “Биз мыйзамды сыйлайбыз”, “Баш мыйзамга таянабыз”, “Укуктук мамлекеттин балдарыбыз” аталышындагы класстык сааттар жана талкуулар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди. Анын айтымында, Конституция күнүн мектептерде белгилөө менен окуучуларды жаш кезинен баштап мыйзамды сыйлоого жана мыйзамдуу жашоого үйрөтүү керек. Улууларбы, жаштарбы баары мыйзам алдында бирдей экенин аларга жеткирүү зарыл.Быйыл Конституция кабыл алынганына 22 жыл болду.

Нету похожих статьей