Кабарлар 6 лет назад

Түркия мамлекетинен келген дин аалымдары Ош облусунда (СҮРӨТ)

Ошко Туркия мамлкетинин дин аалымдары келишти. Бул тууралуу,Ош облустук казыятынын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,бүгүн, Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан КМДБнын мамлекеттик диний концепцияны ишке ашыруусунун алкагында Түркия мамлекетинен келген Имам Аззам Абу Ханифа, Имам Матурудий жана Имам Сараксийдин илимий чыгармаларын изилдеген дин аалымдары Кара-Суу районундагы имам “Ас-Сарахсий” мечитинде райондун жалпы имамдары менен диний-илимий багытта жолугушушту. Жолугушууга Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун башкы имам хатибдери, Кара-Суу шаарынын мэри жана жергиликтүү жашоочулар катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Анкара университетинин профессорлору Бүнйамин Эрул “Абу Ханифа жана анын хадис илиминдеги орду” деген темада баян жасап, бүгүнкү күндөгү Сирия мамлекетинде болуп жаткан окуяларга байланыштуу суроого жооп берип жатып, Сириядагы абал мусулмандар арасындагы чоң дүрбөлөн жана аны толук билбей туруп аралашуунун өзү акылсыздык экенин өзгөчө белгиледи. Ошондой эле негизги жихад ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартуусу. Үй бүлөсүн камсыздоо чөйрөсүн ыйманга үндөө экендигин айтты Ал эми Энбия Йылдырым “Имам Сарахси жана анын хадисчилиги” боюнча изилдөөсүнө токтолуп, Имам Сарахсинин эмгектери Ханафий мазхабынын өнүктүрүүдө 2-бир бутакты көтөргөн инсан экендигине токтолуп, Сарахсинин илим үйрөтүү усулу мыкты болгондугун айтты. Мындан сырткары бүгүнкү күндө имамдык билимдүү болуу эле эмес, сүннөткө амал кылууну талап кылаарын билдирди. Газиантеп университетинин профессору Махмут Чынар “Имам Матурийдинин теологиялык көз караштары” деген темада баян жасап, матрудийликте иман менен амал эки башка каралаарына токтолуп, имам Матрудий хикмат (даанышмандык) терминин колдонуп, акыл менен кабарга жогору маани бергендигин белгиледи. Мындан сырткары матрудийликтин башка мазхабдардан айырмасы катары пайгамбарыбыздын жашоо тарыхы, жүрүш-турушу, адеп-ахлагына көп көңүл бурулаары менен айырмаланат деп айтты.

Нету похожих статьей