Кабарлар 6 лет назад

Ошто Сирияга кетүүгө аракеттенген 3 аял колго түштү

Ош облусунун Кара-Суу районунда Сирияга кетүүгө аракеттенген 3 аял кармалды. Бул тууралуу, «Кабарлар» МА Ош ОББнын пресс-кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалган аялдар 1981-ж, 1983-жылкы жана 1985-жылы туулган Ош шаарынын тургундары. Алар, интернет аркылуу Түркиядагы бир адам менен сүйлөшүп жүрүшкөн. Билдирүүдө айтылгандай, алар, балдарын да алып кетүүгө ниеттенип, бойго жете элек 6 балага документ даярдап, 4-апрелде учууга камданыпжатышкан.Ыкчам-илиткөө иштеринин жүрүшүндө Сирияга камынган 3 аялКара-Суу райондук милициясытарабынан кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Нету похожих статьей