Кабарлар 6 лет назад

Баткенде атасы беш айлык ымыркайынын тамагын кесип, андан соң өз жанына кол салды

Баткен облусунун, Кызыл-Кыя шаарында психикалык жактан жабыркап ооруп келгенадам өзүнүн беш айлык ымыркайынын тамагын кесип салды. Бул тууралуу, Баткен ОИБнан кабарлашты.Маалыматка ылайык, кечээ, 30-апрелде, Кызыл-Кыядагы үйлөрдүн биринде 35-жаштагы киши үйүндө беш айлык баласы менен жалгыз калып, уулунун тамагын кесип салган. Кичинекей ымыркай дароо көз жумган. Андан соң, кылмышка шектүү адам өзүнүн кан-тамырланын кесип салып, ал дагы каза болгондугу айтылат. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдары, алардын жансыз денесин чөмүлүүчү бөлмөдөн табышкан. 28-жаштагы ымыркайдын апасы тергөөчүлөргө билдиргендей, 3-4 жылдан бери жолдошу (ымыркайдын атасы) «шизофрения» оорусу менен ооруп келген. Учурда аталган факты боюнча баардык материалдар чогултулуп, тергөө иштери уланууда.

Нету похожих статьей