Кабарлар 6 лет назад

Ошко Түркиядан дин аалымдары келишет

2015-жылдын, 3-5-май күндөрү Ошко Түркия мамлекетинен Абу Ханифа, Имам Матурудий жана Имам Сараксийдин илимий чыгармаларын изилдеген окумуштуу, профессор аалымдар атайын иш сапары менен келишет. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА Ош облусттук казыятынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Анкара университетинин профессорлору Бүнйамин Эрул “Абу Ханифа жана анын хадис илиминдеги орду”, Энбия Йылдырым “Имам Сарахси жана анын хадисчилиги” жана Газиантеп университетинин профессору Махмут Чынар “Имам Матуридинин теологиялык көз караштары” деген темада Ош облусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте Кара-Суу жана Араван райондорунда диний-илимий багытта имамдар менен жолугушушат. Мындан сырткары жогоруда аталган темалар боюнча Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде конференцияга катышышат.

Нету похожих статьей