Кабарлар 6 лет назад

Оштогу борбордук көчөдө жол боюндагы таштанды тууралуу сайтка маалымат чыккан соң аталган аймак таштандыдан арылды (СҮРӨТ)

Ош шаарындагы Ленин жана Р.Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде жол боюндагы арыктарга толгон таштандылар желим бөтөлкөлөр алынып, суу өтүүчү аймак тазаланды. Эске сала кетсек, мындан бир аз мурда жол боюнда чогулган таштандылар күн жылыгандан бери жагымсыз жыттанып, жолдон ары бери өткөн шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткандыгы тууралуу жашоочулардын нааразычылыгы боюнча сайтаркылуу маалымат берилген. Анткени таштанды чогулган аймакта медициналык мекеме жана коомдук тамактануучу жайдын имараты жайгашкан. Бул маалымат биздин сайтка чыккандан соң, тиешелүү ишкана тарабынан таштандылар алынып, аталган аймак тазаланды. Таштандылартазалангангачейинки абал: Тазалангандан кийинки абал

Нету похожих статьей