Кабарлар 6 лет назад

Ноокатта күйүүчү майдын баасы кымбаттады

Ош облусундагы Ноокат шаарында А-80 үлгүсүндөгү 1 литр бензиндин баасы 32,5 сом болсо, 33,5 сомго чыкты. Ал эми А-92 үлгүсүндөгү 1 литр бензиндин баасы 38 сомдон 39 сомго көтөрүлдү. 1 литр дизель отунунун баасы 36 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Ноокат шаарынын жашоочулары \"Кабарлар\" МАга билдирди.Экономика министрлигинин Түштүк региондор аралык соода, ишкердик жана көзөмөл секторунун өкүлдөрүн билдиргендей, Ноокат шаарында апрель айынын башынан ортосуна чейин А-80, А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 3,1 пайызга өскөн.

Нету похожих статьей