Кабарлар 6 лет назад

Оштогу \"Алымбек Датка этнографиялык комплексинде\" иштеген жарандар ижара акысы кымбаттагандыгына жергиликтүү бийликке нааразы

Ош шаарындагы \"Алымбек Датка этнографиялык\" комплексинде иштеген жарандар ижара акысы кымбаттагандыгына жергиликтүү бийликке нааразы. Бул тууралуу аталган комплексте иштеген шаар тургуну Заирбек Ормонкулов \"Кабарлар\" МА билдирди.\"Мен ушул жерде 5 жылдан бери иштейм. Жаш балдарды салып айдоочу машиналар үчүн айына ижара акысын 5 миң сомго көтөрүп коюшту. Өткөн жылы ар бир оюнчук машина үчүн 4400 сомдон төлөчү элек. Бул жылы мэриянын алдындагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты менен келишим түздүк\" дейт Заирбек Ормонкулов. Анын айтымында, келишимде ар бир оюнчук машина үчүн ай сайын ижара акысы 5 миң сом деп көрсөтүлгөн. Ал эми сүрөт тартып иштеген жарандарга бир жылына 54 миң сом көрсөтүлгөн. Алымбек Датка этнографиялык комплексинде жыл ичинде 5 ай эле жумуш болот. \"Калган айларда эл деле келбейт. Биз аргасыздан жумуш ордубуздан айрылып калбоо үчүн келишимге кол койдук. Бирок, келишимдеги баалар реалдуу эмес\" дейт Заирбек Ормонкулов. Ал \"аталган комплекстеги жарандарды тейлөөчү жайларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн жакындарына берип, а бизди ижара акысын көтөрүү менен жумуштан четтетип жатат\" деген пикирин билдирди.

Нету похожих статьей