Кабарлар 6 лет назад

Дарыгер: Ошто 1500 адам балдарын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан

Ош облусунун аймагында жашаган 1500 адам туура эмес түшүнүктөн улам балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу \"Кабарлар\" МАга Ош облусунун ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы дарыгери Артыкбай Эралиев билдирди.\"Эл арасында ар кандай тууура эмес түшүнүктөн улам балдарын эмдөөдөн өткөрбөй койгондордун балдары кызамык менен көп ооруп жатат. Учурда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - дейт А.Эралиев.Ал белгилегендей, кызамыкка каршы эмдөөлөрдөн баш тарткандар көбөйүп жатат. Натыйжада баланын иммунитети начарлап, жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу бар. Кызамык менен ооруган балдардын көпчүлүгүн биринчи жана экинчи эмдөөдөн өтпөгөндөр түзүүдө.Кошумчалай кетсек, өлкө боюнча бул жылы балдардын 95%ы эмдөөдөн өткөн. 5%ы туура эмес түшүнүктөн балдарын эмдетүүдөн баш тарткан.

Нету похожих статьей