Кабарлар 6 лет назад

Ошто жарандарды ажылык сапарына каттоо иштери башталды

Ош облусунда Ажылык сапарга барууну каалаган жарандардын тизмесин каттоо иштери башталды. Бул тууралуу \"Кабарлар\" МА Ош облусттук казыятынан билдирди. Каттоо иштери облус аймагындагы бардык райондордо кызуу жүрүп жатат. Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийинин буйругуна ылайык быйылкы жылга ажылыкка баруучулардын тизмесин каттоо иши 2015-жылдын 25-апрелинде саат 9:00дө башталып, 2015-жылдын 01-июнунда саат 18:00 дө аяктайт. Облус казысы Ниязали ажы Ариповдун буйругу менен казыятта Ажылык иштерине атайын жооптуу адис дайындалып, облустун ар бир районунда расмий жооптуу бирден адистер бекитилди.Мындан сырткары, өткөн жылдагы ажылыкка катталып, чүчү кулактан өтпөй калган 70 (жетимиш) жаштан жогорку жарандар 2015-жылдагы ажылыкка чүчүкулаксыз автоматтык түрдө жиберилет. Ал эми 2014-жылы ажылыкка катталып өтпөй калган 70 жаштан төмөн курактагы жарандардын фамилясы чүчү кулак тартууга (электрондук компьютерге) 2 жолу жазылууга мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде жогоруда айтылгандай чүчү кулакка жазылуу мүмкүнчүлүгүнөн 4 жыл боюу өтпөй калган жаран, 5-жылы автоматтык түрдө ажылыкка жиберилет.Кошумчалай кетсек, 2015-жылы да ажылыкка катталган жарандарды тандап алуу электрондук чүчү кулак тартибинде өткөрүлүп, ажыга баруучу бир адам үчүн түзүлгөн калкуляциянын баасы 2550 АКШ долларын түзөт жана ажыга баруучулар Ош-Джидда (Медина)-Ош маршруттук багыты боюнча учакта жөнөтүлөт.

Нету похожих статьей