Кабарлар 6 лет назад

Баткенде катталган катуу шамал 1 млн сомдон ашык чыгым алып келди

Лейлек районунда катталган катуу шамалдан келтирилген материалдык чыгымдар 1 млн сомдон ашык чыгым алып келди. Бул тууралуу \"Кабарлар\" МА ӨКМнин пресс-кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык,2015-жылдын 26-апрелиинде саат 01:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Лейлек району боюнча 2546 даана шифер зыянга учураган. Анын ичинен: 131 турак жайдын чатырынан 1958 даана шифер; 27 чарбалык курулуштардын чатырынан 476 даана шифер; 4 социалдык объектилерден 112 даана шифер зыянга учураган.Натыйжада келтирилген материалдык чыгым 1млн. 527 миң сомду түздү,-деп билдиришти пресс-кызматтан. Ал эми,Сүлүктүү шаарында 2015-жылдын 26-апрелинде саат 01:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен 144 даана асбест шифер жана 66 даана темирден жасалган шифер зыянга учураган. Анын ичинен:11 турак жайдын чатырынан 130 даана астбест шифер жана 42 даана темирден жасалган шифер:2 социалык объектилерден 14 даана астбест шифер жана 24 даана темирден жасалган шифер зыянга учураган. Келтирилген материалдык чыгым 106 миң 20 сомду түздү.

Нету похожих статьей