Кабарлар 6 лет назад

Ош аэропортунун эмгек жамааты нааразычылык билдирген жетекчиси А.Алиев журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты

Ош аэропортунун эмгек жамааты нааразычылык билдирген жетекчиси А.Алиев журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты.Эске сала кетсек, Ош аэропорттунун эмгек жамааты, аэропорттун жетекчиси Абдинаби Алиевге ишеним көрсөтпөө тууралуу маалымат жыйында билдиришкен. Алар атайын кол коюшуп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчисинин милдетин аткаруучу Н.Калматов менен «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКтын жетекчиси Э.Чукуевге кайрылуу беришти. Жамааттагылар бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке да кайрылып эч кандай реакция болбогондугун да кошумчалашкан.Алардын билдиришинче, кызматкерлер аэропорттун жетекчиси Абдинаби Алиевдин бай-манаптык жана трайбалисттик мамилесине нааразы. \"А.Алиев бул кызматка келгенден бери бир катар кызматкерлерди мыйзамсыз иштеп алып, өзүнүн жакындарын жумушка орноштурууда\" дешет аталган мекеменин эмгек жамааты.

Нету похожих статьей